Экс-депутатты тез экстрадициялоонун сыры эмнеде? (видео)

5855

Казакстандан экстрадицияланган экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанда кайсы абакта жаза мөөнөтүн өтөйт азырынча белгисиз. Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришкендей, бул маселени атайын түзүлгөн комиссия чечет.

Аткезчилик үчүн соттолгон экс-эл өкүлү кошуна өлкөдө катаал шарттагы жабык жайда камакта болчу. Ал арада мурдагы парламентарий бул жакта түрмөдө көпкө деле отурбайт деген сөздөр айтыла баштады. Айрымдар Дамирбек Асылбек уулу жаңы жылды үйүндө тосот деп болжолдошууда.