Экс менен азыркы эл өкүлдөрүнүн эрөөлү (видео)

504

«Парламенттеги ун мафиясына» тиешеси бар делген эл өкүлдөрү экс-депутат Ширин Айтматованын дооматтарын четке кагып, аны дебатка чакырышты. Алардын айтымында, Кыргызстанга ташылып келген арпа менен буудайды кошумча нарк салыгынан бошотуу жөнүндө мыйзам өлкөдөгү ун өндүрүү тармагын сактап калуу үчүн кабыл алынган.

Өз кезегинде Ширин Айтматова элдин эсебинен байыгандар тууралуу кезектеги видео материал даярдалып жатканын айтты. Анда кайсы олигархтардын аттары айтылат?