Экс-мэр Албек Ибраимовдун иши боюнча сот башталды (видео)

587

Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум башталды. Бирок судья менен айыпталуучунун жактоочулары материалдар менен тааныша элек болгондуктан, жараян жылдырылды. Эске салсак, Албек Ибраимовго карата 3 кылмыш иши козголгон.

Ал «Дастан” ишканасын жетектеп турганда мыйзамсыз иштерди жасаган, Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бирин сатууда мамлекетке 152 миллион сом зыян келтирген деп айыпталууда. Мындан тышкары Ибраимов Бишкек шаарынын мэри болуп турганда 2 гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деп күнөөлөнүп жатат.