Экс-мэр Суракматов эмнеге камалды? (видео)

5756

Туруктуу коррупциялык схема жана жең ичинен берилип кеткен жер тилкелери. Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азис Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюуга шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Атайын кызмат экс-жетекчиге жана анын жакындарына таандык делген обьекттердин сүрөттөрүн жарыялады.

Алардын көпчүлүгү “борбордун алтын чарчысы” деп аталып калган бөлүктө жайгашкан имараттар жана Ысык-Көлдөгү эс алуу жайлары. Туруктуу коррупциялык схемага дагы бир катар жетекчилер менен ири курулуш компанияларынын өкүлдөрүнүн катыштыгы бар экени айтылды.