Экс-мэрлерге карата соттун чечимин жокко чыгарууга апелляциялык арыз берилди

3735

Бишкек шаарынын экс-мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго карата Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча апелляциялык арыз берилди. Бул тууралуу алардын адвокаты Сергей Слесарев билдирди. Айтымында, жактоочулар да, айыпталгандар да сот чечими менен макул эмес.

Эске салсак, өкүм чыкканга чейин Мамлекеттик айыптоо Ибраимовду 20, ал эми Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранган. Былтыр 23-декабрда Бишкектин Ленин райондук соту Албек Ибраимовду 15 жылга темир тор артына кессе, Кубанычбек Кулматовду 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирип, абактан бошоткон болчу. Экөө тең 2018-жылдын жайынан бери УКМКнын тергөө абагында отурган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.