Экс-министр Талантбек Батыралиев кылмышка шектелүүдө (видео)

502

Бейөкмөтчүлөр экс-министр Талантбек Батыралиевди коргоп чыгышты. Укук коргоочулардын айрымдары мурдагы аткаминер камакка алынса ачкачылык жарыялоого да даяр. Белгилей кетсек, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев гемодиализ кызматы боюнча пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке 107 миллион сом зыян келтирген деп айыпталууда.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун адистери болсо дал ушул келишимдин негизинде бөйрөк илдетинен жабыркагандар мурдагыдай көп кезек күтпөй калды дешет. Ошондой эле, жеке менчик ооруканаларда да арзаныраак дарыланууга жол ачылган. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөлөрү бул боюнча тендер өткөрүлбөй, мыйзам бузулганын айтышууда.