Экс-муфтий: “Зияратчылардын бир сомун дагы тийишкен эмесмин” (видео)

3750

Аалымдар кеңеши мурдагы муфтий Максат Токтомушевден зыяратчылар чогулткан акчанын жоголгон бөлүгүн ордуна коюуну талап кылды. Кечээ Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү чукул жыйынга чогулуп, дин башкармалыгында каржы маселелерин да карашкан. Анда мурдагы муфтийге бир ай убакыт берилген. Ажылык үчүн топтолгон каражаттын ичинен дайыны чыкпай жаткан 1,5 миллион долларды өндүрүү үчүн муфтийдин милдетин аткарып жаткан Жоробай Шергазиевге тиешелүү жактарга кайрылууга уруксат берилген.

Аалымдар кеңешине жаңы төрага болуп дайындалган Абдыманап Масалбеков, зыяратчылардын аманат акчасын кандай жол менен болбосун жоопкер адамдар ордуна кайтарышы керектигин айтат. Мурдагы муфтий Максат Токтомушев болсо ал акчалардын бир сомун дагы коротпогонун билдирди.