Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды

1455

Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө (“Кылмышка шериктеш болуу”) жана 303-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Коррупция”) каралган кылмышка шектүү катары мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда Жантөрө Сатыбалдиев УКМКнын тергөө изоляторунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 5-июнь күнү экс-премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев да кармалып, камакка алынган. Аларга ар башка фактылар боюнча кине коюлганы менен, үчөөнө тең Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен айып тагылган.

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкты жана аны оңдоого алынган каражатты иликтеген депутаттык комиссиянын буга чейин жарыяланган корутундусунда бул ишке тиешеси бар киши катары 30дай адамдын аты-жөнү жарыяланган. Анда Сапар Исаковдун, Осмонбек Артыкбаевдин, мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиевдин, Жоомарт Оторбаевдин жана башкалардын аттары аталган.