Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге айып тагылды (видео)

723

Бишкек ТЭЦин жаңылоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы бир мурдагы чоң жетекчи кармалды. Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге «коррупция» жана «кылмышка шериктеш болуу» беренелери боюнча айып тагылып камалганын УКМК ырастады. Мурдагы өкмөт башчы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына киргизилди. Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо долбооруна кол коюуга катыштыгы бар деп шектелип жатат. Депутаттык комиссиянын териштирүүсүндө белгилүү болгондой, баш калаанын ТЭЦин жаңылоо боюнча чечим Сатыбалдиев премьер-министр болуп турган учурда кабыл алынган.