Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды

1350

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды. Бул маалыматты Экономикалык кылмыштуулукка каршы кызматынан тастыкташты. Ага ылайык, чек ара пунктарына Мухаммедкалый Абылгазиевди чыгарбоо буйругу берилген. Тактап айтканда, экс-өкмөт башчысы чек арадагы көзөмөл өткөрүү пунктунан өтүүгө аракет кылса, чек арачылар аны кармап, Финполицияга өткөрүп берүүгө тийиш.

Эске салсак, 2018-жылы 900 МГц диапазонундагы радио жыштык кайсы бир байланыш операторуна 1000 сомго эле сатылып кеткени ачыкка чыккан. Мындан өлкө бюджети 5 миллиард сомго чейин чыгым тарткан деп божомолдонгон. Маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, анда айрым депутаттар бул иште ошол убактагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин да тиешеси бар экенин жана күч түзүмдөрү текшерип чыгуусун талап кылышкан.

Мындан көп өтпөй эле Абылгазиев эмгек өргүүсүнө чыгып, андан ары отставкага кетүү арызын жазган. Жыштыктарга байланыштуу кылмыш ишинде беш киши тергөө абагына камалып, ишти Аскер прокуратурасы менен УКМК биргелешип тергеп жатат.

Айрым маалыматтарга караганда, Мухаммедкалый Абылгазиев жазында коронавирус пандемиясына карата өкмөт тарабынан тиешелүү даярдык көрүлбөгөнү үчүн дагы суракка чакырылышы ыктымал. Жаңы типтеги вирустун кесепетинен жакындарын жоготкондор Башкы прокуратурага арыз жазып, бейтаптарга шарт түзүп бере албаган бардык жетекчилерди жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.