Экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган айыптар азайуудабы? (видео)

625

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча тергөөнүн алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков да көрсөтмө бериши ыктымал. Анткени өткөн аптада спикер былтыр март айында ага Алмазбек Атамбаев “10 миң адам чогулуп келип, баарын Ак-үйдөн кууп саларын” айтканын билдирген.

Тергөө органдары төраганын бул сөзүнө көңүл бурушу зарыл, дешет эл өкүлдөрү. Ошол эле убакта депутаттык комиссиянын корутундусунда экс-президент “бийликти узурпациялаган” деген пункуттун жоголуп кетиши суроолорду жаратууда.