Экс-президент Атамбаев Бабановго карата ачылган иш жабылышы керектигин айтты

752

Өмүрбек Бабановго кылмыш иши мурдагы бийлик учурунда саясий максатта козголгону далилденди.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына курган маегинде былтыркы президенттик шайлоодо экинчи орунга чыккан Бабановго карата ачылган иш жабылышы керектигин айтты. Ал экспертиза дагы мурдагы премьер-министрдин сөзүндө улуттар аралык мамилени козуткан сөздөр жок экенин тастыктаганын белгиледи.

Андан сырткары, Канат Исаев боюнча акча алган, акча тараткан, тополоң уюштурабыз деген аракети болгон деп иш козголуп, ал жерде Бабановдун да изи бар дегендей айтылган, деди Атамбаев. Бирок Канат Исаевдин ишинде Бабановдун эч кандай изи чыккан жок.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.