Экс-президент кандай артыкчылыктарга ээ болот? (видео)

857

Президент Сооронбай Жээнбеков биринчи жарлыгын чыгарды. Мамлекет башчы кызматка киришип жатканда убада кылгандай эле, экс-президент Алмазбек Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүү тууралуу документке кол койду. Жарлыкка ылайык, Атамбаевге “Ак шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Мындан тышкары, мурдагы өлкө жетекчиси, экс-президент статусуна ээ болгону үчүн мамлекет тарабынан бир катар артыкчылыктарды ала алат. Алсак, Алмазбек Атамбаев эми кол тийбестикке ээ. Мунун баары экс-президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндөгү мыйзамда көрсөтүлгөн.