«Экс-президент» макамы жана анын өзгөчөлүктөрү (видео)

1083

Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери 5 мамлекет жетекчиси алмашып, анын экөөндө гана «экс-президент» макамы бар. Өткөн аптада мөөнөтүнөн мурда отставкага кеткен Сооронбай Жээнбеков бир катар артыкчылыктарга ээ болду. Ага ылайык, экс-президентти иштеп турган мезгилиндеги жасаган же жасабаган аракети үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт.

Ошондой эле аны кармоого, камакка алууга, тинтүүгө же суракка алууга мыйзам жол бербейт. Буга кошумча экс-президентке мамлекеттин эсебинен өмүр бою пенсия төлөнүп, бекер медициналык тейлөө сымал бир топ камсыздоолор каралган. Ошол эле убакта мындай статуска ээ болгон адамга бир катар чектөөлөр дагы бар.