Экс-президенттер эми кылмыш жазасына тартыла башташы мүмкүн (видео)

559

Экс-президенттер эми кылмыш жазасына тартыла башташы мүмкүн. Сооронбай Жээнбеков буга жол ача турган мыйзамга кол койду. Документке ылайык, мурдагы өлкө жетекчилери ыйгарым укуктарын аткарып турган мезгилде мыйзамсыз иштерге барганы аныкталса, сот алдында жооп берет.
Бирок ал үчүн татаал процедуралар киргизилген. Ошондой эле, жаңы кабыл алынган мыйзамда экс-президент саясатка аралашса же мамлекеттик жетекчилик кызматка барса, өлкө тарабынан берилген бардык артыкчылыктардан кол жууйт. Бул документ 26-майдан тарта иштей баштайт.