Экс-президенттер кол тийбестиктен ажыратылабы? (видео)

596

Экс-президенттерди кол тийбестик макамынан ажыратууга багытталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Исхак Масалиев документти колдоодон баш тартты. Эл өкүлүнүн айтымында, документке көп өзгөртүүлөр кирип, анын баштапкы концепциясы өзгөрүп кеткен. Буга конституциялык палатанын кабыл алган чечими да негиз болгон.

Аталган орган эл өкүлдөрү сунуштаган мыйзам-долбоорунун айрым пункттары Конституцияга каршы келет деген бүтүм чыгарган. Документтин негизги максаты — мурдагы мамлекет башчылары оор кылмыштарды жасаса, жоопкерчиликке тартууну камсыздоого багытталган. Бирок дал ошол «экс» деген статусту ким алары такталбай калган.