Экс-президенттердин инаугурациясы кандай өткөн? (видео)

1096

Кыргызстандын мурдагы президенттеринин инаугурациялары эмнеси менен эсте калган? Тарых барактарына көз чаптырсак, буга чейин өлкөнү төрт президент башкарып, жети жолу ант берүү аземи болгон. Сап башында Аскар Акаев турат. Ал 3 жолу өлкө башчылыгына шайланып, 3 жолу инаугурация өткөргөн. Курманбек Бакиев болсо, такка отуруу салтанатына эң ири каражат сарптаган президент катары белгилүү. Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева — 2010-жылы референдум аркылуу шайланып, бир жарым жылдан кийин кызматын өткөрүп берген. Кыргызстанды алты жыл жетектеген Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясы — 2011-жылы өткөрүлгөн.