Экс-президенттердин кол тийбестиги алынышы мүмкүн (видео)

851

Жогорку соттун Конституциялык палатасы бул боюнча арызды карап, чечим чыгарды. Анда президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамдын 12-беренеси баш мыйзамга каршы келе турганы айтылат. Ошондой эле, экс-президентти кол тийбестик укугунан ажыратуунун механизмин иштеп чыгуу өкмөткө сунушталган.

Учурда мурдагы мамлекет башчыларын зарыл болгон учурларда жоопко тартууга уруксат берген мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан дагы демилгеленүүдө.