Экс-президенттердин кол тийбестигин алууну парламент колдойбу? (видео)

544

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыровду кызматтан кетирүү боюнча соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу эл өкүлү «экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди. Исхак Масалиевдин позициясын бир катар депутаттар дагы колдошту.

Парламентарийлердин айтымында, конституциялык палатанынын төрагасы кабыл алына элек документ тууралуу өз оюн таңуулап жатканы туура эмес. Жогорку Кеңештин тармактык комитети «экс-президенттердин кол тийбестик статусун алып салуу» боюнча мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды. Жакынкы күндөрү маселе парламенттин жалпы отурумунда каралат.