Экс-президенттерге каралган жеңилдиктер азайтылат (видео)

1950

Баш мыйзамдын жаңы редакциясында “экс-президент” статусу боюнча өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин жалпы жыйынында белгилүү болду. Ага ылайык, иштөө мөөнөтү бүткөн мамлекет башчыларына “экс” макамы калтырылып, бирок аларга каралган жеңилдиктер азайтылат.

Ошол эле убакта “экстер” эмнеден куру калары азырынча тактала элек экен. Ошондой эле, айрымдар талкууланып жаткан жаңы долбоордо мамлекеттик башкаруу формасын көрсөтпөй коюуну сунуштап жатышыптыр. Муну менен учурда жаралган талаш-тартышка чекит коюу мүмкүн дешет алар.