Экс-президентти камоого бир кадам калдыбы? (видео)

599

Парламент төртүнчү сессиянын акыркы отурумунда өтө маанилүү чечим кабыл алганы турат. Депутаттардын добуш берүүсү менен экс-президенттин тагдыры чечилет. Жыйында Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчү каралат деп күтүлүүдө. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин эки тармактык комитетинде маалымат берип, депутаттардын Алмазбек Атамбаевге койгон алты айыптоосунун бешөө жүйөлүү экенин жарыялаган.

Андыктан мурдагы мамлекет жетекчисине кылмыш ишин козгоп, камоого негиздер бар экени айтылды. Бул маселе парламенттин отурумунда каралат деп күтүлгөн. Бирок айрым депутаттар билдирүү жасоо менен гана чектелди. Эл өкүлдөрү экс-президентти топ адамдардын артына жашынып, туруктуу абалды чыңалтууну көздөп жатат деп айыпташты. Буга негиздер да бар. Анткени Алмазбек Атамбаев үйүнө адамдарды топтоп, мал союп, боз үй тигип, таш төктүрдү.