Экс-президенттин кол тийбестигин алуу тууралуу мыйзам долбоору ЖКга жөнөтүлдү

766

Экс-президентти кол тийбестигинен ажыратууну сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.

«Президенттин ишмердигинин кепилдиктери тууралуу» мыйзамга мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү парламент депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев демилгелеген. Долбоордун авторлору экс-президентке кол тийбестикти кепилдеген мыйзамдагы 12-берене Конституцияга каршы келет деп эсептеп, ал беренени алып салууну сунушташкан.

3-октябрда Жогорку соттун алдындагы Конституциялык палата укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу тууралуу өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган.

Укук коргоочу «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга каршы келет деп таануу өтүнүчү менен кайрылган. Мыйзамдагы бул норма экс-президенттердин кол тийбестигин абсолюттук түрдө камсыз кылат.

Конституциялык палата мыйзамдын 12-беренеси “Баш мыйзамга каршы келет” деп таап, бирок экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуунун жол-жобосунун жоктугун көрсөткөн.

Кыргызстанда экс-президент статусу Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевде гана бар. Аскар Акаев менен Курмабек Бакиев мындай макамдарынан революциялардан кийин ажыратылган.