Экс-судьянын хан сарайы маданий жайга айланды (видео)

5259

Жакында ачылган Кыргыз Улуттук “Манас” театры толук кандуу иштеп, анда 80ден ашык маданий кызматкер эмгектенүүдө. Эми алар 30 жыл аралыгында жетиштүү көңүл бурулбай келген көптөгөн жакшы демилгелерди ишке ашырабыз деп турган чагы.

Негизги көңүл кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын, «Манас» эпосун, каада-салт жана элдик оозеки чыгармачылыктарды сактоого көңүл бөлүнөт. Үч күн мурда жаңы имараттуу болгон манасчы, дастанчылар менен НТСтин чыгармачыл тобу баарлашып келди.