Экс-вице-премьер Зилалиев кантип байыган? (видео)

694

Миллиондогон акчалар, зер буюмдар, декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлктөр. Улуттук коопсуздук комитети мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин үйүндө жүргүзүлгөн тинтүүнүн видеосун таратты. Мурдагы өкмөт мүчөсүнүн батиринен 2 миллион 900 миң сом жана 100 миң доллар накталай акча табылган. Эске салсак, Зилалиевге «мыйзамсыз баюу» беренеси менен иш козголуп, ал камакка алынган болчу.

Мурдагы вице-премьер-министр киреше жана чыгашасы тууралуу декларациясында дүнүйө-мүлкүнүн көпчүлүгүн көрсөтпөй койгон деп шектелүүдө. Тергөөнүн башында эле, коммерциялык банктардын биринде Зилалиевдин документтеринде көрсөтүлбөгөн 1 миллион доллардай катылганы аныкталган.