Экс-вице-премьер Зилалиевдин банктагы уячасынан 889 миң доллар алынды

691

УКМКнын маалымат борбору акчаны алып жатканда тартылган видео тасманы таратты. Мынча суммадагы каражат кайсы коммерциялык банкка катылганы ачыкталган жок. Видеодо Зилалиевге таандык уячадан бир нече баштыкка оролгон долларларды алып чыгып жатканын көрүүгө болот.

Дүйшөнбек Зилалиев камакка алынган. Ал мыйзамсыз байыган деп күнөөлөнүп жатат. Маалыматтарга караганда, ал декларациясына Бишкектеги бир нече турак жайын, кеңселерин, көлдөгү эс алуу жайларын, банктык уячадагы акчаларын көрсөткөн эмес.

Текшерүү маалында, ал мамлекеттик кызматта иштеп жатканда алган маянасы менен чогулткан байлыгы төп келген эмес.

Учурда, Зилалиев мынча кирешени кандай жол менен тапкан жана эмнеге жашырганы иликтенип жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.