Эксклюзив. Чолпон Сыдыков: “Сынган бутум шалактап калган” (видео)

1786

Казакстанда массалык башаламандык маалындагы кыйноолор боюнча 7 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Бирок ал кылмыш иштеринин арасында кыргызстандыктардын ур-токмокко алынышы боюнча материалдар бар-жогу азырынча белгисиз.

Казакстанда катуу сабалган Чолпон Сыдыковдун эки бутуна операция жасалганы турат. Анын 3 кабыргасы дагы сынган. Дарыгерлердин айтымында, Сыдыковдун бутка турушу үчүн көп убакыт талап кылынат. Ал арада, Викрам Рузахунов социалдык баракчасына Казакстанда көргөн кордуктарынын четин чыгарып, учурда улам оорукана алмаштырып, узак дарылануудан өтүп жатканын жазды.