Эксперттер: Алимжановду сабагандардын артында ким турганы аныкташ керек

733

Дурбек Алимжановду сабагандардын артында ким турганы аныкталып, коомчулукка ачыкталышы керек. Бул тууралуу бир катар саясий эксперттер айтып чыгышты.

Алардын билдирүүсүндө, талапкерлердин тарапташтарын ур-токмокко алып, кыйнап өздөрүнө каалагандай сүйлөтүп, чагым уюштургандар жазасыз калбашы керек.

Ошондой эле, жабырлануучунун кайрылуусуна тиешелүү органдардын реакция жасабай жатканы таң калтырууда, дешет эксперттер.