Экспортчуларга бут тоскон аткаминерлердин тизмеси узарууда (видео)

1559

Кылмыштуу топ түзүп экспортчуларга бут тоскон деп шектелип кармалган аткаминерлердин тизмеси узарууда. Айыл чарба министринин учурдагы жана мурдагы орун басарлары Ильич Марсбек уулу менен Амангелди Исаев кармалды. Ал арада адистер бул тизмеге башка министрликтердин дагы айрым жетекчилери кирип калышы толук мүмкүн экенин айтышууда.

Себеби айыл чарба азыктарын сыртка экспорттоодо бир нече жыл бою тоскоолдуктарды жаратып, бири-бири менен жең ичинен сүйлөшүп алган кызмат адамдарынын арасында салыкчылар менен бажычылар да бар экени белгиленүүдө. Ал арада УКМКдан тиешелүү коррупциялык схемага катышы бар адамдарды аныктоо иштери улантылып жатканын айтышты.