Экстер менен эл өкүлдөрүнүн айтышы (видео)

685

Парламент экс-президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө саясий баа бериши керек. Мында билдирүүнү депутаттар өздөрү айтып чыгышты. Мурдагы өлкө башчы Жогорку Кеңешти көз каранды деп атап, жаш баланын маңкасына салыштырды. Айрым эл өкүлдөрүнүн айтымында, мурдагы бийлик учурунда Парламентке кысым көрсөтүлүп, каалагандай чечимди чыгартып келишкен. Азыр андай жок деп ишендиришүүдө.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңешти буга чейин кээ бир саясатчылар «биржа, базар, саясий өлүк» деп аташкан эле. Бул боюнча былтыр төрага иликтөө жүргүзүлүп, баа берилет деп убадалаган. Бирок анын жыйынтыгы тууралуу маалымат жок. Парламент чындыгында эле, жалтан, көз каранды эмес экенин далилдегиси келсе, анда бул жолу үн катып өзүнүн позициясын көрсөтүшү керек дейт эл өкүлдөрү.