Экстердин качышына кимдер жол ачууда? (видео)

7218

Издөөгө алынган мамлекеттик каттоо кызматынын башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Насирбек Алмаматов табылбаса, аны эркиндикке чыгарган судьялардын жоопкерчилигин кароо зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов айтып чыкты.

Эл өкүлү бул иштин артында чоң күчтөр турат деп шек саноодо. Ал арада экс-аткаминердин из жашырып кетишине шарт түзгөн судьялардын да өлкөдөн чыгуусуна бөгөт коюу керек деген сунуштар айтыла баштады. Себеби былык иштерди жасап коюп, тергөөгө келгенде качып кеткен фемида өкүлдөрү аз эмес.