Экстремисттик иш-аракеттери үчүн издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды

756

Экстремисттик иш-аракеттери үчүн издөөдө жүргөн чет элдик жаран Кыргызстандын аймагына кирүү аракети учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Маалыматтарга караганда, кармалган 40 жаштагы шектүү адам эмиссарлардын буйругу менен куралдуу жихад уюштуруу жолу менен коомдук-саясий кырдаалды бузуу максатында Шериктештик өлкөлөрүнүн биринин аймагында деструктивдик-саясий жана террордук топторду түзүү менен алектенип жүргөнү аныкталган. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, буга чейин да атайын кызматтын өкүлдөрү Сирия жана Ирактын аймагында согушкерлердин катарында болуп келген Шериктештик өлкөлөрүнүн 3 жаранын колго түшүрүшкөн.