Экзаменде акча сураган мугалим иштен кетти (видео)

1406

40 жылдык агартуучулук тажрыйбага көлөкө түшүргөн 100 сом. Интернетте мугалим менен студенттин сүйлөшкөн видеосу тарап, анда агартуучу бир сабакка баа коюш үчүн 100 сом талап кылса, экинчиси ага макул болбой жатканын көрүүгө болот.

Чуулгандуу видео Бишкектеги медициналык окуу жайда тартылганы белгилүү болуп, анын арты менен бир топ жыл аталган мекемеде иштеген педагог иштен кетти. Ал арада, окуу жайга көзөмөл кылган министрлик окуу жайдын мугалимдерине чогулуш өткөрө турган болду. Келечектеги медиктер бааны сатып алып жатышабы?