Эл аралык байкоочулар шайлоо мыйзамдуу өттү дешет (видео)

949

Шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн келген эл аралык байкоочулар добуш берүү жараянынын жыйынтыгын чыгара башташты. Өлкөдөгү шайлоо өнөктүгүнө көз салуу үчүн 58 мамлекеттен 780 байкоочу келген. Алардын баамында, Кыргызстанда жалпысынан шайлоо одоно мыйзам бузууларсыз өттү. Айрым жерлерде техникалык мүчүлүштүктөр, чыр-чатактар орун алды, бирок бул жалпы көрсөткүчкө таасир эте албайт, дешет эл аралык эксперттер.