Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде Кыргызстан 97-орунда

820

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын кезектеги рейтингинде эки тепкичке төмөндөдү.

Уюмдун расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстан 97-орунда жайгашты. Июль айындагы рейтингде Кыргызстан 95-орунду ээлеп турган.

Кыргызстандык футболчулардын рейтингде позициясынын төмөндөшүнө 2022-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка тандап алуунун алкагында Тажикстандын курама командасынан утулуп калышы себеп болду.

Эске салсак, 5-сентябрда Душанбеде өткөн оюнда Кыргызстандын курама командасы Тажикстанга 0:1 эсебине жеңилген. Ал эми ФИФАнын рейтингинин сап башында Белгия, Франция жана Бразилия турат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.