Эл аралык издөөдө жүргөн 137 шектүү адам кармалды

699

Атайын операциянын жүрүшүндө эл аралык издөөдө жүргөн 137 шектүү адам кармалды. Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, иш-чара 14-15-март күндөрү болуп, анын алкагында оор кылмыштарга шектелип, качып жүргөн 67 адам колго түшүрүлгөн.

Алардын көпчүлүгү «адам өлтүрүү», «адам өмүрүнө кол салуу», «зордуктоо», «талап-тоноо» жана «адам ден-соолугуна атайылап залал келтирүү» беренелери боюнча айыпталгандар. Ошондой эле дайынсыз жоголгон 61 адамдын даректери такталып, өздүгү такталбай жаткан 19 маркумдун аты-жөнү аныкталган. Мындан тышкары, баңгизаттарын жайылтууга байланыштуу 15 кылмыш иши аныкталып, анда 48,5 килограмм маң заты алынган.

Бул кеңири масштабдагы операцияга 3,5 миң милиция кызматкери тартылган. Мындай иш-чара Россияда алардын полиция кызматкерлери менен да биргеликте өткөрүлүп, анын жүрүшүндө оор беренелер менен айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн 4 кыргызстандык кылмышка шектүү колго түшүрүлгөн.