Эл аралык издөөдөгү Адамкул Жунусов Бакуда колго түштү (видео)

688

Азербайжандын борбору Баку шаарында эл аралык аэропортто колго түшүрүлгөнүн бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Бул үчүн Кыргызстандан тергөөчүлөр тобу Бакуга жөнөйт. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын басма-сөз катчылыгынан билдиришти.

Эске салсак, мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовго «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча сыртынан айып тагылган. Быйыл август айында Бишкектин Биринчи май райондук соту Жунусовду камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок көп өтпөй ал өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болуп, эл аралык издөөгө жарыяланган болчу.