Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кайрылуу жөнөтүлөт (видео)

2177

Жогорку Кеңеш Тажикстан тараптан согуштук агрессия жасалгандыгы боюнча дүйнө коомчулугуна кайрылмай болду. Бүгүн эл аралык маселелер боюнча комитеттин мүчөлөрү Баткендеги окуяга байланыштуу жабык эшик артында жыйын курду. Анын жыйынтыгы менен депутаттар дүйнө коомчулугуна кайрылып, Тажикстан тарап алдын ала даярданып, Кыргызстандын жай тургундарына куралдуу кол салып, бейкүнөө адамдар, анын ичинде наристелер каза болгондугу, турак жайлар өрттөлгөндүгү тууралуу так маалымат жеткирүүнү чечишкен.

Ошондой эле, Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурага бул жаатта иш алып баруу тапшырмасы берилген. Ал арада, көз карандысыз юристтер, эл аралык иштер боюнча тажрыйбасы көп адистер эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кайрылуу даярдашууда.