Эл аралык мигрант күнүнө карата “Салам Мигрант” деген флешмоб башталды

959

Интернетте социалдык тармактарда “Салам Мигрант” деген аталыштагы флешмоб башталды. Акция 18-декабрда белгиленүүчү Эл аралык мигрант күнүнө арналган.

«Улгайгандар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмеси флешмоб аркылуу чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештерибизге өз убагында каттоого туруу, эмгек келишимин түзүү, миграциялык карта толтуруу, иш учурундагы коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча маалымат берүүнү көздөйт.

Эмгек мигранттары өзүн иш үстүндө сүрөткө тартып, аны «Салам Мигрант» деген хештег менен жарыялап, мекендештерине ар кандай кеп кеңештерин жазса болот.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.