Эл эмне жейт? Азапка салган кымбатчылык (видео)

1421

«Кымбатчылык кыйнады», «Эл эмне жейт?» Дал ушундай жазуусу бар плакаттарды көтөргөн жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Колуна бош табакты көтөрүп, көмүр салганга деп чака да алып алган. Айтымында, өлкөдө азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттап, жол кире тарифтеринин жогорулашы элдин чөнтөгүн жукартып жиберди.

Тапкандары эч нерсеге жетпей жатат, — дейт укук коргоочу. Мындан улам министрлер кабинетин бул жаатта жигердүү иш алып барууга чакырды. Белгилей кетсек, пандемиядан бери азык-түлүк, күйүүчү майдын кымбаттаганы токтобой келе жатат. Мындай кырдаал өзгөчө колунда жокторго оор келүүдө.