Эл кышында электр жарыгысыз калбайбы? (видео)

2076

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 943 млн куб метрге чейин азайды. Тиешелүү маалымат «Электр станциялары» ишканасынын расмий сайтынан алдынды. Өлкөнүн дээрлик 40 пайызын электр энергиясы менен камсыздаган Токтогул гидроэлектростанциясындагы суунун азайышы бир топ кооптонууларды жаратууда.

Себеби адистердин айтымында, жылытуу сезонунда ГЭСтин үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн андагы суунун деңгээли 16-17 миллиард куб метр болуп турушу шарт. Ал эми буга чейин энергетика министри 1-ноябрдан тарта өлкөдө электр энергиясы өчүрүлбөйт деп убада бергени бар. Муну аймактарда оңдоп-түзөө иштеринин бүткөнү менен түшүндүргөн.