Эл өкүлдөрү Ак үйдөгү иш бөлмөлөрүн өз чөнтөгүнөн оңдоого макул болушту (видео)

3149

Жогорку Кеңештин 70тен ашык депутаты Ак үйдөгү иш бөлмөлөрүн өз чөнтөгүнөн оңдоого макул болушту. Ошондой эле алар имараттын талкаланган эшик-терезелерин алмаштырууга 100 миң сомго чейин акча каражатын чогултуп жатышыптыр. Бул тууралуу бугун жалпы жыйындын журушундо айтылды. Бирок азырынча Ак үйдүн имаратын толук оңдоп-түзөө үчүн канча каражат кетээри тактала элек. Андыктан алгач чыгымды аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Мындан тышкары, эл өкүлдөрү 4 айдан бери биринчи жолу Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалды талкуулашты. Анын жүрүшүндө ак халатчандар өлкөдө эпидкырдаал курч экенин жана дарыгерлер жетишпей жатканын билдиришти.