Эл өкүлүнө жарашпаган жосунсуз жорук (видео)

1782

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев катышкан жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Кайгуул милиция кызматынын маалыматына караганда, эл өкүлү отурган унаанын айдоочусу эки машинаны сүзгөн.

Кечээ күнү интернетте видео тарап, анда Камчыбек Жолдошбаев суроо берүүгө аракет кылган адамга сөгүнүп, колун жаңсап кетип калганы тартылган. Бирок депутат бул кырсыкка эч кандай тиешеси жок экенин айтууда. Учурда парламентарийдин жол тандабасы менен берки эки унаа айып аянтчасында.