Эл парламенттик башкарууну тандап алса эмне болот? (видео)

2055

Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун 3 окууда тең жактырды. Ал арада «Баш мыйзамдын жаңы редакциясын талкуулап жаткан Конституциялык кеңешменин ишин улантуусуна канчалык зарылчылык бар» депсуроо салгандар арбыды.

Себеби азыр каралып жаткан долбоор президенттик башкарууга ыктап, анын ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган. Ал эми көпчүлүк башкаруунун кайсы формасын каалай турганы референдумдан кийин гана белгилүү болот.