Эл жазуучусунун бейнеси жана өрнөктүү өмүрү (видео)

2356

Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев акыркы сапарга узатылды. Кыргыз Эл жазуучусу узакка созулган оорудан улам кечээ 86 жаш курагында дүйнө салган. Чыгаан инсан менен коштошуу тажыясы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өткөрүлүп, ага жакын санаалаштары, интеллигенция өкүлдөрү жана маданий, коомдук ишмерлер катышты.

Коштошуу зыйнатында Бексултан Жакиевдин басып өткөн жолу эскерилип, чет өлкөлүк искусство өкүлдөрүнүн көңүл айтуу телеграммалары окулду. Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.