Элчиге орой мамиле жасаган тартип сакчылары (видео)

1752

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарреттке орой мамиле жасаган тартип сакчылары боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Дипломат Патрулдук милиция кызматкерлеринин агрессиялык мамилесине туш болгонун айтып, нааразы болгон.

Акыркы убакта тартип сакчыларына карата сын-пикирлер көбөйүүдө. Кайгуул милициянын жетекчилигинин айтымында, жыл башынан бери 252 кызматкер дисциплинардык жазага тартылган. Экөө иштен кетирилген. Бирөө пара алганы үчүн жумуштан айдалган.