Элчилик: 15-майда «Стамбул-Бишкек» чартердик каттамы уюштурулат

4260

15-май күнү Түркиядагы кыргызстандык жарандарды алып келүү үчүн «Стамбул-Бишкек» чартердик каттамы уюштурулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти. «Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттүк мекемелеринин ортосунда жетишилген макулдашуунун натыйжасында, 15-майда саат 03:10до «Стамбул-Бишкек» багыты боюнча Стамбул эл аралык аэропортунан чартердик аба каттамын ишке ашыруу пландаштырылууда. Авиабилеттердин сатылышы аэропортто тизмеге ылайык жүргүзүлөт. Билеттин баасы 187 еврону түзөт. Уруксат берилген жүктүн салмагы – 30 кг», — деп билдирет элчилик.

Элчиликтен белгилешкендей, Кыргызстандын жарандарын кайтаруу элчилик жана Стамбулдагы Башкы консулдук тарабынан түзүлүп келе жаткан тизмелерге ылайык жүргүзүлөт (тизмелер буга чейин элчилик жана Башкы консулдук тарабынан расмий сайттарга коюлган). Бул каттам менен биринчи кезекте дарылануу үчүн келгендерди, балалуу аялдарды, улгайган адамдарды, хронологиялык тартипке ылайык элчилик жана Башкы консулдукка расмий түрдө кайрылган кыргызстандык жарандарды алып кетүү пландалууда.

Түркиянын 24 шаарынын ортосунда унаа жол каттамдары токтотулганына байланыштуу, элчилик Түркиянын Тышкы иштер министрлигине жергиликтүү бийликтерден Кыргызстандын жарандарынын Түркиянын шаарларынан Стамбулга келүүсү үчүн уруксат алуу боюнча кайрылган.

Элчилик Стамбул эл аралык аэропортуна учактын учушунан 5 саат мурун келүү керектигин эскертет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.