Элчисиз калган кыргыз элчиликтеринин саны 6га жетти (видео)

622

Соңку 2 аптада эле эки дипломатиялык өкүлчүлүк жетекчисиз калды. Биринде элчи кызматынан кетирилсе, бири Тышкы иштер министрлигин жетектеп кетти. Мындан тышкары, дипломатиялык миссиясы аяктап калгандары да бар. Ал арада дипломатиялык ишке тартылган кадрлардын сапатына нааразычылык күчөдү. Элчи болуп дайындалгандардын арасында бул кызматка адистиги жана башка сапаттары боюнча ылайыксыз адамдар көбөйгөн.

Бул маселеден тышкары элчилер менен элчиликте иштегендер өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин жакшы аткарбай жатышат деген пикирлер да бар. Чет өлкөдөгү дипломаттарыбыз Кыргызстандан барган жогорку даражалуу конокторду тосуп алып, шаар кыдыртуу менен алек болгон учурлар көп экен.