Элди коргобой, кордогон милиция кызматкери (видео)

637

Бишкек шаардык милициясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Улуттук коопсуздук комитети билдиргендей, тартип сакчысы кылмыштуу топ түзүп, коркутуп-үркүтүү менен акча өндүрүп жүргөн. 12-февралда УКМКга кайрылган жаран милиция кызматкерлеринен турган топтун мүчөлөрү андан миң доллар талап кылып жатышканын айтып даттанган.

Үч күндөн кийин ИИМдин ички иликтөө кызматы менен УКМК өкүлдөрү кылмышка шектүүнү 600 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүшкөн. Учурда тергөө иштери башталып, кылмыш-жаза кодексинин “Акча талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголду.