Элди коронавирус илдети бар экенине ишенбөөгө чакырган жаран кармалды

2119

Нарында коронавируска байланыштуу туура эмес маалыматты таратып жүргөн дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Колго түшкөн адам — Тепе-Коргон айылынынын 37 жаштагы тургуну болуп чыкты. Кылмышка шектүү делген Шабдан Боромбаев социалдык тармактар аркылуу ушак таратып, элди коронавирус илдети бар экенине ишенбөөгө чакырган. Эми ага карата укуктук баа берилет.

Кечээ жакында эле ушул эле Нарын областынын Кочкор районунун Теңдик айылынын 52 жаштагы тургуну камалган. Ал дагы коронавируска байланыштуу жалган маалымат таратты деген шек менен кармалган. Бул адам күнөөсүн мойнуна алып, элден кечирим сурады. Анын ишине да юридикалык баа берилет.

УКМК буга чейин жалган маалымат тараткан бир нече адамды аныктаган. Учурда ар кандай такталбаган кабарларды тараткандарды издөө, аныктоо иштери жүрүп жатат. Атайын кызмат жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.