Элди санаага салган базардагы баалар ооздукталабы? (видео)

1804

Эки ай ичинде эле азык-түлүктүн баасы 18 пайызга өстү. Мындай расмий маалыматты монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги таратууда. Бирок бул мекеменин статистикасы менен базардагы баалардын ортосунда чоң айырма чыгууда. Акыркы убакта жумуртка, кумшекер жана эттин баасы кескин жогорулап жатат.

Буга чара көргөн орган барбы деген суроо жаралууда. Ал арада эксперттер Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигин жоюп же ыйгарым укуктарын кеңейтүү керек дешет.